Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана экс-президент статусун калыбына келтирүү боюнча Аскар Акаевдин арызы каралды.
Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тиешелүү арыз Жогорку Кеңешке 3-сентябрда келип түшкөнүн эске салды.
Комитет Акаевдин арызын эске алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле комитет Жогорку Кеңешке убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштоодо.
Жогорку Кеңеш бул чечимди колдоп, Аскар Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу парламенттин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.
Ал эми Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар жүрүп жатканын белгилеп: “Айрыкча жарандар бул арыз боюнча депутаттар кандай чечим кылат деп күтүп жатышты. Бирок мен буга чейин да, бүгүн да добуш берүүгө эч кандай таасирим тийбесин деген ойдо пикиримди айткан жокмун”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле эгемендүүлүк алган жылдарда өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга тушукканын айткан төрага: “Жасалган иштердин жакшысынан жаманы арбын болду. Мында биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү чоң экени анык”, – деди.
Мындан тышкары, Аксы районунан шайланган эл өкүлү катары аксылыктардын аталган маселеге карата катуу тынчсызданып жатканын кеп кылган Шакиев: “Парламент туура чечим кабыл алдык деген ойдомун. Эми буга тарых жана эл өз баасын берет”, – деген пикирин билдирди.
Аталган маселе боюнча президент Садыр Жапаров пикирин билдирип, А. Акаев аны менен кеңешпегендигин айткан.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт.
Ага 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.
Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскаргандыгын билдирген.
2023-жылы президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарып алууда чоң жардам болгондугун айткан.



















