Простата безинин рак оорусунун агрессивдүү түрү менен ооруган АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин өмүрү 12-18 айга созулушу мүмкүн. Мындай божомолду Ак үйдүн мурдагы дарыгери, республикачыл конгрессмен Ронни Джексон ачыктады.
Анын бул билдирүүсүн Washington Free Beacon гезитине берген маегинде айтканын Риа Новости жазды.
«Бул менин адистигим эмес, бирок мен бир нече урологдор менен сүйлөштүм. Бирок, бул маалымат чыккандан бери мен бир пикирге келдим, ага 12-18 ай калган болушу мүмкүн. Буюрса, көбүрөөк убакыт бар жана алар бул ооруну натыйжалуу дарылайт деп ишенем», -деди Ронни Джексон.
Ошентсе да ал экс-президенттин көп жашарынан үмүт кылып, бирок өнүккөн оору экендигине токтолгон.
Буга чейин простата безинин рагы боюнча адис Джадд Мол бул ооруга чалдыккан эркектер беш, он же андан көп жыл жашай аларын белгилеген.
«Акыркы он жылда аман калуу көрсөткүчү дээрлик үч эсеге өстү»,- деди дарыгер.
Ал Байденге 18-майда простата безинин рагы диагнозу коюлгандыгын, шишик гормоналдык терапияга сезгич бойдон калгандыгын, ошондой эле метастаздар сөөк ткандарына кирип кеткенин билдирди.
Анын айтымында, диагноз экс-президенттин заара чыгаруудагы көйгөйлөрүнүн фонунда жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында коюлган.
АКШнын мурдагы лидеринин өкүлдөрү Байден жана анын үй-бүлөсү дарыгерлер менен дарылоо жолдору тууралуу сүйлөшүп жатканын белгилешти.
Белгилей кетсек, Байдендин диагнозу жарыялангандан көп өтпөй АКШнын азыркы лидери Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына бул кабарга капа болуп, кабатырланганын жазган.
“Жубайым Мелания экөөбүз Жо Байдендин медициналык диагнозу тууралуу кабардар болуп, кайгырып жатабыз. Биз жубайы Жиллге жана үй-бүлөсүнө жакшы каалоолорубузду билдиребиз жана Жонун тезирээк жана ийгиликтүү сакайып кетишин каалайбыз”,- деп жазган.
Ал эми мурдагы вице-президент Камала Харрис да тынчсызданып, ага ден соолук каалап, өзүнүн X баракчасына пикирин калтырган.
“Жо күрөшчү! Мен бул кыйынчылыкты ал туруктуулук жана оптимизм менен тосуп аларын билем. Биз толук жана тез айыгып кетүүсүнө үмүттөнөбүз”, – деп жазган.
Мурдагы президент Барак Обама да өз кезегинде Байден бул илдет менен “өзүнүн чечкиндүүлүгү жана ырайымы менен” күрөшөт деп ишенерин билдирди.
82 жаштагы экс президентти башка саясатчылар да колдошкон.
Ал 2024-жылы президенттик жарыштан чыгып кеткен. Мунун себеби анын ден соолугуна байланыштуу болгон.

















