АКШнын президенти Жо Байден ноябрда өтө турган президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал мындай чечим өлкөнүн жана Демократиялык партиянын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын айтканын РБК агенттиги жазды.
Байден Демократиялык партиядан президенттикке талапкер катары 59 жаштагы вице-президент Камала Харристи көрсөтүүнү сунуштады. Харрис талапкерлигин коюу ниетин айтып, сунушту кабыл алды.
Байдендин шайлоо өнөктүгү маалында президенттик жарыштан баш тартышы өлкөдө соңку ондогон жылдардан бери биринчи жолу болуп жатат. 1968-жылы АКШнын 36-президенти Линдон Джонсон да ушундай чечим кабыл алган.
Байден июндун аягында республикачылардын талапкери Доналд Трамп менен болгон дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүү чакырыктары күчөгөн.
Ага карабай, Байден экинчи мөөнөткө баруу ниетин билдирген. 17-июлда ал өз милдетин аткарууга тоскоол боло турган ден соолугуна байланыштуу маселе жаралса, чечимин “кайра карап чыгышы” мүмкүн экенин айткан. Кийинчирээк Ак үй президенттен COVID-19 аныкталганын маалымдап, ал Дэлавердеги үйүндө изоляцияланганын жана өзүнүн бардык милдеттерин ошол жерден толук аткарарын жарыялаган.
Politico билдиргендей, 20-июлда Байден шайлоого катышууну улантууну пландап жаткан, бирок жекшемби күнү түштөн кийин оюн өзгөрткөн. Бул чечим Ак үйдөгү көптөгөн аткаминерлер жана шайлоо штабынын кызматкерлери үчүн күтүүсүз болду, деп билдирет CNN.
Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп Байдендин чечимине реакция кылып, аны “өлкө тарыхындагы эң начар президент” деп атады. Трамптын айтымында, ал “бул кызматка такыр жараксыз”. Саясатчы Байденге караганда Харристи жеңүү оңой болот деген оюн билдирди.
Сенаттагы Демократиялык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер Байденди “чыныгы патриот” жана “улуу президент” деп атады. «Албетте, бул жеил чечим болгон жок, бирок ал дагы бир жолу өзүнүн партиясын, өлкөсүн жана биздин келечекти биринчи орунга койду, — деп жазган ал X.
Ушундай эле билдирүүлөрдү Демократиялык партиянын башка жогорку даражалуу мүчөлөрү да жасашты. Мисалы, Харрис Байдендин президент катары жетишкендиктерин белгилеп, анын чечимин патриоттук иш деп атап, ал «Америка элин жана биздин өлкөнү баарынан жогору коёт» деп кошумчалады.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

















