2027-жылы Россияда чет өлкөлүк жумушчуларды максаттуу түрдө тартуу боюнча эксперимент ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу «Коммерсантъ» билдирди.
2026–2030-жылдарга болгон миграциялык саясат Концепциясын ишке ашыруу боюнча РФ ИИМдин долбоор-планына ылайык, министрлик жана башка тиешелүү ведомстволор 2026-жылы нормативдик база менен инфраструктураны даярдап бүтүшү керек. Азыр документ макулдашуу этаптарынан өтүп жатат.
Өкмөт жаңыланган концепцияны октябрдын ортосунда кабыл алып, жыл аягына чейин аны ишке ашыруунун так кадамдарын аныктоону пландап жатат. Жаңы версияда негизги көңүл табигый калк өсүшүнө бурулган, ал эми миграция агымы иш берүүчүлөрдүн талабы боюнча убактылуу эмгек күчүнүн булагы катары каралат.
Пландын өзүнчө бөлүгү чет өлкөлүк кызматкерлерди тартуу механизмдерин өркүндөтүүгө арналган. Башында долбоордун оператору Эмгек министрлиги болот деп пландалган, бирок концепцияны даярдоо маалында бул функцияларды ИИМге өткөрүү чечими кабыл алынган.
2026-жылдын 1-майына чейин ИИМ жана Эмгек министрлиги тышкы эмгек миграциясы боюнча ыйгарым укуктардын жаңы бөлүштүрүлүшүн бекиткен мыйзам долбоорун өкмөткө киргизиши керек. Ошол эле жылдын аягына чейин ИИМ миграция маселелери менен алектенген кызматкерлерди окутуу жана кайра даярдоону уюштурууну, ошондой эле бул багытта адистерди чыгарган ЖОЖдор жана коллеждер менен кызматташтыкты жолго коюуну пландоодо.
Долбоор жумушчу күчүн реестр модели боюнча топтоону камтыйт. Чет өлкөлүк кызматкерлер алдын ала өз мекенинде текшерүүдөн өтүп, андан соң Россияга белгилүү иш берүүчүлөргө келишет. Мурдагыдай өлкөгө келип, андан кийин уруксат алып жумуш издебейт. ИИМ өкүлдөрүнүн айтымында, ведомство эмгек мигранттарынын олуттуу бөлүгүн ушул схемага өткөрө алат.
2026-жылдын 1-майына чейин ИИМ, Эмгек министрлиги, ФСБ жана ФНС уюшкан түрдө жумушка тартуу принциптерин сүрөттөгөн федералдык мыйзамдын долбоорун сунушташы керек. 1-декабрга чейин ИИМ Санарип министрлиги менен бирге программанын катышуучулары үчүн маалыматтык система жана мобилдик тиркемени ишке кошууну пландап жатат. Ошондой эле ведомстволор 1-июлга чейин экономикага чет элдик жумушчу күчүнө болгон муктаждыкты баалоо үчүн иш берүүчүлөрдү сурамжылоонун методикасын иштеп чыгышат. Экономика министрлиги менен бирге мигранттарды тартуу артыкчылыктуу тармактарды аныктоо механизми түзүлөт.


















