Стратегиялык канаттуу ракеталарды сыноо учурунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн өзөктүк күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу зарылдыгын билдирди.
Бул тууралуу ЦТАК агенттиги билдирди.
Бул Түндүк Кореянын 2025-жылдын башынан бери төртүнчү ракета сыноосу. Алардын максаты, деп билдирди ЦТАК, өлкөнүн армиясынын «каалаган мейкиндикте контрчабуулга чыгууга жөндөмдүүлүгүн жана КЭДРдеги коопсуздук кырдаалын олуттуу түрдө бузган душмандарга каршы ар кандай өзөктүк куралдардын күжүрмөн даярдыгын» көрсөтүү.
Ким Чен Ын жакшыртылган тоскоолдук жана коргонуу жөндөмдүүлүгү «күчтүү чабуулчу күч менен кепилдикке алынганын» айтты.
Ал ошондой эле КЭДРдин күжүрмөн даярдыгын ырааттуу жогорулатууну өлкөнүн өзөктүк күчтөрүнүн жооптуу миссиясы деп атады.
«Ядролук куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын ырааттуураак жогорулатуу, аларды пайдаланууга толук даяр болуу, ошону менен мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун ишенимдүү өзөктүк калкан менен түбөлүккө коргоо – республиканын өзөктүк куралдуу күчтөрүнүн жооптуу миссиясы жана милдети», – деп кошумчалады КЭДР лидери.



















