АКШдагы ири мунай компанияларынын бири Chevron Калифорния штаты АКШ менен Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн аскердик операциясынан улам энергетикалык кризиске жакындап баратканын эскертти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.
Мындай абал Калифорния керектеген күйүүчү майдын болжол менен 20%ы Азия өлкөлөрүнөн импорттолгону менен түшүндүрүлөт. Ал эми бул өлкөлөр өз кезегинде энергоресурстарды Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүүгө көз каранды.
Мындан тышкары, акыркы жылдары Калифорнияда бир нече мунай иштетүүчү заводдор жабылган. Бул жаңы мыйзамдык чектөөлөрдүн айынан чыгымдардын өсүшү менен байланыштуу болуп, алар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жана мунай компанияларынын кирешесин азайткан. «Калифорния импортко таянууну чечти. Бул кооптуу оюн», — деп белгилешти Chevron компаниясынан.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Калифорниянын тургундары башка көпчүлүк штаттарга салыштырмалуу энергия ресурстарынын баасынын кескин өсүшүнө көбүрөөк дуушар болушат. «Азыр алар бензиндин бир галлону үчүн дээрлик 6 доллар төлөшүүдө, ал эми өлкө боюнча орточо баа болжол менен 4 долларды түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Chevron компаниясы Калифорниянын бийлиги «энергетикалык өзгөчө кырдаал» жарыялап, климаттык жана салыктык эрежелерди реформалап, штат ичинде мунай өндүрүүнү колдоого алышы керек деп эсептейт.
28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операция баштаган, анын алкагында ири шаарларга сокку урулган. Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) кеңири масштабдагы жооп операциясын жарыялаган. 11-мартта Иран Куралдуу күчтөрүнүн «Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын өкүлү Иран Ормуз кысыгы аркылуу АКШга жана анын союздаштарына тиешелүү мунай жүктөрүн өткөрбөй турганын билдирген.

















