Иран менен сүйлөшүүлөргө катыша турган америкалык делегациянын учагы Исламабадга конгонун Рейтер агенттиги пакистандык булактарга шилтеме берип кабарлады.
Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка жетүүнү көздөгөн АКШ менен Иран делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр Пакистандын ортомчулугу менен бүгүн 11-апрелде Исламабадда өтөт деп күтүлүүдө.
“Иран менен сүйлөшүүлөрдүн алдында АКШнын өкмөттүк делегациясынын учагы Исламабадга конду”, – деп билдирет агенттик Пакистандын эки булагына шилтеме берип.
Ошондой эле агенттик бир булакка шилтеме берип, АКШ президентинин өкүлү Стив Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер Пакистандын борборуна келгенин билдирди.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп 8-апрелге караган түнү Иран менен эки жумалык ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин жарыялаган. Кийинчерээк тынчтык сүйлөшүүлөрү 11-апрелде Пакистанда өтөөрү кабарланган.
АКШнын делегациясын вице-президент Жеймс Вэнс жетектейт. Негизги сүйлөшүүчүлөрдүн катарында АКШ президентинин өкүлү Стив Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер да бар. Ошондой эле америкалык сүйлөшүүчүлөрдү АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин, Мамлекеттик департаменттин жана Пентагондун эксперттери коштоп келери кабарланды.
Буга чейин ирандык маалымат каражаттары Ирандын делегациясы АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Исламабадга келишкенин кабарлашкан. Делегацияны Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф жетектеп, аны тышкы иштер министри Аббас Арагчи, Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Акбар Ахмадиан, Борбордук банктын төрагасы Абдолнассер Хеммати жана бир нече мыйзам чыгаруучулар коштоп келди.


















