АКШ жана Украинанын расмий өкүлдөрү жума күнү Вашингтондо АКШнын Украинанын пайдалуу кен байлыктарына ээлик кылуу боюнча сунушу тууралуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен тааныш Reuters агенттигинин булагы билдирди.
Бирок анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн душмандык маанайда өткөндүгүнө байланыштуу кандайдыр бир ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү абдан аз.
Маалымат булагынын билдирүүсү боюнча, Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөрдөгү чыңалуу Трамп администрациясынын сунушунун акыркы редакциясы мурункусунан да кененирээк жана талапты көп кылып өзгөргөнүнө байланыштуу.
«Сүйлөшүүлөрдүн атмосферасы өтө душмандык», — деп белгиледи ал. Анын айтуусунда, сунушталган долбоор “максималисттик” мүнөздө.
АКШнын Каржы министрлигинин өкүлү сүйлөшүүлөр болгонун тастыктап, аларды «техникалык мүнөздөгү» талкуулар деп атады.
Сунушталган келишимдин акыркы долбооруна ылайык, АКШ Украинанын пайдалуу кендерине толук ээлик кылуу укугуна ээ болот. Ошол эле учурда, украин мамлекеттик жана жеке компаниялардын пайдалуу кендерден түшкөн кирешесинин бардыгы атайын түзүлгөн орток инвестициялык фондго которулууга тийиш болот.
Мында АКШ тарабынан Украинага коопсуздук кепилдиктери берилбейт, ал эми бул — президент Владимир Зеленский үчүн башкы артыкчылыктардын бири, анткени азыркы учурда Украинанын 20% аймагы орусиялык аскерлер тарабынан оккупацияланган.
Булак ошондой эле, долбоордо «Пасха белеги» деп аталган өзгөчө талаптар бар экенин кошумчалады — алардын ичинде АКШнын Эл аралык өнүктүрүү финансылык корпорациясына (DFC) Украина аркылуу өткөн жана «Газпромго» тиешелүү газ куурун башкаруу укугун өткөрүп берүү талабы да камтылган.
Украин өкмөтү бул келишим боюнча кеңешчи катары Hogan Lovells аттуу эл аралык юридикалык компанияны жалдаганын дагы кошумчалады.


















