Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери палестина-израилдик жаңжалдын зонасында он миңдеген жай тургундардын өлтүрүлүшүн айыптап, кагылышуунун күчөп кетүү коркунучунун фонунда ок атууну токтотууга жана сабырдуулукка чакырышты.
Бул тууралуу ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүсүндө айтыларын РИА Новости жазды.
Министрлер кеңешинин жыйыны 21-июнда Казактандын Алматы шаарында өттү. Ага ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Беларустун тышкы иштер министри Сергей Алейник, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Тажикстандын тышкы иштер министри Мухриддин Сирожиддин катышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалына, ошондой эле анын Уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Тараптар ЖККУнун тышкы байланыштарын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу пикир алышты.
“Палестина-израилдик чыр-чатактын зонасында жай тургундар арасында көп сандаган курмандыктарга, ошондой эле Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө алып келген азыркы эскалацияга терең тынчсыздануу билдиребиз. Он миңдеген жайкын тургундардын өлтүрүлүшүн айыптайбыз жана куралдуу кагылышуу зонасынын кеңейүү коркунучунун фонунда согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууга, Газа тилкесинин тургундарына жардам көрсөтүү үчүн гуманитардык коридорлордун үзгүлтүксүз иштешине жана сабырдуулукка чакырабыз”, – деп айтылат Россия тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери анклавда 37 миңден ашуун адам каза болуп, 85 миңден ашууну жарадар болду.


















