9-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери да катышты.
Баарлашууда эки жана көп тараптуу алакаларды арттыруу, айрыкча ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле байланыштарды бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролу тууралуу сөз болуп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгы белгиленди.
Мындан тышкары, аймактык коопсуздукту камсыздоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.
Жыйынга Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Вячеслав Володин, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Тажикстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Махмадтоир Зокирзодалар катышты.



















