Тармактык комитет “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү карады.
Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
3-октябрдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары – Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Айжигитов С.А., Түмөнбаев А.Т., Исаева Дж.К., Малиев А.К. болуп саналышат.
Алгач мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматова маалымат берди.
Ал белгилегендей, өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын 17-статьясынын жаңы редакциясында коммерциялык эмес уюмдун кирешелери жана түзүмү, ошондой эле алардын мүлкүнүн көлөмү жөнүндө, анын чыгымдары, кызматчыларынын саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт – деп көрсөтүлүүдө. Ошондон улам, мындай уюмдарды жылына бир жолудан көп эмес пландуу текшерүү жагы белгиленүүдө”, – деди Н.Нарматова.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Искендер Матраимов мыйзам долбоору чет жактан келген акчалардын гана отчеттуулугун талап кыларын айтып, аны ишке ашыруу эч кандай коркунучка алып барбай тургандыгын айтты. Депутат Алишер Эрбаев учурдагы мыйзамдын айрым гана пункттарына өзгөртүү киргизилип жатканын белгилеп, ашыкча ызы-чууга алдырбоого чакырды. Ошол эле учурда депутат мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо учурунда келип түшкөн сунуштарды тактап, жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн өз сунуштарын берүүгө чакырды.
Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков коммерциялык эмес уюмдар менен катар эл аралык уюмдардын дагы мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн текшерүүгө алуу жагдайын тактады. Мындан сырткары, ал мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады. Буга жооп берген депутат Надира Нарматова чет жактан каржы алган бардык уюмдар мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликке ээ экендигин билдирди.
Депутат Русланбек Жакышов аталган мыйзам долбооруна карата Жогорку Сот менен Башкы прокуратуранын айрым беренелерге карата терс корутундусун тактады. Депутат Надира Нарматова мыйзам долбоорун талкуулоодон кийин эки орган тең чечимдерин өзгөртүп бергендигин кошумчалады.
Ошондой эле, комитеттин отурумунда бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү өз пикирлерин айтышты. Демилгечи депутатардын бири Надира Нарматова өзгөртүүдөгү мыйзам долбоорунда бардык эле коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк агент деп табылбасын айтып, алдыдагы күндөрү бул багытта коомдук талкуулар уюштуруларын белгилеп өттү.
Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.
Белгилей кетүүчү жагдай, айрым ӨЭУлардын (НПО) (саясий багыттагы) өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун демилгелеген жана колдогон депутаттарга “басым” жасап, кээ бирлери менен “соодалашып”, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү мыйзам долбоорун кабыл алдырбоо үчүн болгон аракеттерин жасап келишүүдө.
Бирок ага карабастан, ЖКнын тармактык комитети бул мыйзамды колдоп берди.
Демилгени Надира Нарматова баштаган депутаттар көтөргөн. Алар коммерциялык эмес уюмдардан ачыктыкты, тынымсыз отчет берүүнү жана финансылык операцияларын купуя сыр кылбоону талап кылышууда.
Авторлордун айтымында, бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, акцияларды уюштуруп, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө каршы келген чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушат.
Эгер мыйзам кабыл алынса “чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм” түшүнүгү киргизилет. Башкача айтканда сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик агент” деп аталып калат.