Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ЖЭБдеги авария: кырсыктын алдын ала себеби айтылды, Россиядан адистер келет

  • Күндеми
  • 03.02.2024 13:06

Loading

Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) келип, ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин толук кандуу иштешин үзгүлтүккө учураткан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин маалыматына караганда, 100дөн ашык куруучу борбор калаадагы ЖЭБдин бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө киришти.

Тема боюнча

Мексикадагы ири жол кырсыгы: 21 адам каза болду

Мексикадагы ири жол кырсыгы: 21 адам каза болду

15.05.2025

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдын алдын ала себептери жарыяланды, атап айтканда, окуяга бир нече факторлор кошулганы белгиленди.

1 of 7
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, Президенттин тапшырмасына ылайык өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт, аны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Россия Федерациясынан өзгөчө кырдаалдын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келээрин кошумчалады.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров медициналык мекемелерди, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен жеткиликтүү деңгээлде камсыз кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана борбордун мэриясына берди.

Мындан тышкары, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине калыбына келтирүү иштерине тартылган курулушчулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2-февралда түнкү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, андан беш кызматкер жабыркагандыгы, экөөсүнүн абалы оор экендиги айтылууда.

Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү “Кабар” агенттигине берген маегинде

— Шаар тургундары Бишкектеги ышты ЖЭБдин иши менен байланыштырып келишти эле. Бирок, быйыл ыш каптоо дээрлик байкалган жок. Демек, буга ЖЭБдин тиешеси жокпу?,- деген суроого

— Албетте, ышка ЖЭБдин да тиешеси бар. Анткени буга чейин Кара-Кеченин көмүрү жагылып келген. Толук бышпаган көмүр. Кубаттуулугу же башкача айтканда, калориялуулугу 3800 Ккал/кг. Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп түздөн-түз Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок, ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам. Борбор шаарыбызда быйыл ыштын аз болгондугу дагы таза көмүр жаккандыктан болду,- деп жооп берген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: аварияБишкек ЖЭБ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШда 36 унаа кагышкан ири жол кырсыгы болду: каза болгондор бар

АКШда 36 унаа кагышкан ири жол кырсыгы болду: каза болгондор бар

18.02.2026
Мексикадагы ири жол кырсыгы: 21 адам каза болду

Мексикадагы ири жол кырсыгы: 21 адам каза болду

15.05.2025
Б. Нетаньяхунун кортежи Иерусалимде жол кырсыгына кабылды

Б. Нетаньяхунун кортежи Иерусалимде жол кырсыгына кабылды

30.04.2025
Казакстанда «Казакмыс» компаниясынын шахтасы урап, жети жумушчу каза болду

Казакстанда «Казакмыс» компаниясынын шахтасы урап, жети жумушчу каза болду

18.02.2025
Крымдагы Кара деңиз жээгинен 50 тоннадан ашык мазут чыгарылды

Крымдагы Кара деңиз жээгинен 50 тоннадан ашык мазут чыгарылды

23.12.2024
Керч кысыгында эки орус танкери кырсыкка учурады: каза болгон адам бар

Керч кысыгында эки орус танкери кырсыкка учурады: каза болгон адам бар

16.12.2024
Орусиялык учак Түркияга конуп жатып күйүп кетти

Орусиялык учак Түркияга конуп жатып күйүп кетти

25.11.2024
Тажикстандын Рогун ГЭСиндеги авариядан үч жумушчу каза болду

Тажикстандын Рогун ГЭСиндеги авариядан үч жумушчу каза болду

15.11.2024
Кубанын электр тармактары авариядан кийин иштен чыкты

Кубанын электр тармактары авариядан кийин иштен чыкты

21.10.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.