Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кортежи Иерусалим шаарында жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бир нече убакыт мурун премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кортежинде жүргөн унаалардын бири мотоциклчен адамды сүзүп кетти. Натыйжада, мотоциклчен жеңил жаракат алды», — деп айтылат макалада.
Окуя премьер-министрдин кеңсесине жакын аймакта болгон. Кырсык болгон учурда Биньямин Нетаньяху жол кырсыгына кабылган унаада эмес, башка унаада бараткан. Окуя болгон жерге куткаруу кызматкерлери келген.
Жабыркаган мотоциклчен медициналык мекемеге жеткирилгени кабарланды.
Кошумча маалыматтарга ылайык, Нетаньяхунун кортежинде анын ден соолугуна байланыштуу жашыруун «тез жардам» унаасы коштоп жүрөт. Бул унаа сырткы көрүнүшү боюнча кадимки унаадан айырмаланбайт жана өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат.



















