Россиянын ЛДПР партиясы 15-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында 2022-жылы коронавирус илдетинен каза тапкан партиянын биринчи лидери Владимир Жириновскийдин нейротармагын көрсөттү.
Долбоорду ЛДПРдин депутаты Владимир Кошелев презентация кылды.
Анын айтымында, алгоритм саясатчынын билдирүүлөрүнүн жана маектеринин негизинде түзүлгөн.
ЛДПРдин азыркы лидери Леонид Слуцкий алгоритм Жириновскийдин «окуучусу жана жолун жолдоочусу» экенин белгиледи.
«[Бул] виртуалдык Жириновский, кибер Жириновский, «Жириновский» жасалма интеллекти — аны ар кандай атаса болот!» — деди ал.
Форумда санариптик Жириновскийден жасалма интеллект дүйнөнү башкара алабы деп сурашты.
«Жасалма интеллект адамзатты өлүмгө алып келе турган коркунучтуу оюнчук! Дүйнөнү жаны жок кээ бир машиналар эмес, чыныгы адамдар башкарганы жакшы. Владимир Вольфович мындай деп жооп бермек: «Жасалма интеллект? Жок, рахмат! Мен бул роботторго жана компьютерлерге ишенбейм. Адамдар өз көйгөйлөрүн өздөрү чечсин!», — деп чыныгы Жириновскийдин үнү менен жооп берди жасалма интеллект.
«Жириновский» нейротармагы жасалдыРоссиянын ЛДПР партиясы Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында 2022-жылы коронавирус илдетинен каза болгон партиянын биринчи лидери Владимир Жириновскийдин нейротармагын көрсөттү.✅Кененирээк шилтемеден окуңуз: ???https://kg.eurasiatoday.ru/science-and-technology/12805-
Опубликовано Евразия Бүгүн Пятница, 16 июня 2023 г.
Эске салсак, россиялык саясатчы Владимир Жириновский 2022-жылы 6-апрелде 75 жаш курагында көз жумган. Советтик жана россиялык саясатчы Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын лидери болчу.