Кыргызстандагы бир катар жеке медициналык компаниялар элге кызмат көрсөтүүнүн акысын 20-30%га төмөндөттү.
УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын алкагында калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20%га чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилди, алар: «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди» и «Веданта», ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30% чейин төмөндөтүүгө макулдашты.
УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, март айынын башында республикабыздагы бир катар медициналык лабораториялар кызмат көрсөткөн баасын төмөндөтө турганын билдирген. УКМК 4-мартта тараткан билдирүүсүндө медициналык анализ чыгаруучу лабораториялардын өкүлдөрү ушундай чечим кабыл алышкандыгын маалымдаган.
Анда “Бонецкийдин лабораториясы”, “Аквалаб”, “Евролаб”, “Гемотест”, “Экспресс-Плюс”, “Медикана”, “Лазмед клиникасы”, Human, “Интер-Лаб” “Интермедикал” жана “Фарватер” лабораториялары барды анализдердин баасын 30% чейин төмөндөтө турган болгон.
Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр “Юни-Хелп”,”Лаб-Сервис”,” Кокомерен”,”Юрфа”,”Эль-Фарм”,”Медикс-Элес”, “Медцентр.кж” “Би-Хелс-Фарм”,”Эрай-Фарм”,”Фарватер”,”Мээр-Чоп”,”Мирамед жана Ко”,”БиЛайв”,”Медитэк”,”Меди-Прогресс” жана “Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15% чейин төмөндөткөн.
Ошондой эле “Юрфа” медициналык борборунун жетекчилиги томографияга тартуу кызматын 20% төмөндөткөнү айтылат. УКМК бул жаатта башка медициналык мекемелер менен да сүйлөшүү жүрө турганын билдирген.
“Бонецкий лабораториясына” мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгерлеринин жолдомосу менен барган бейатптарга кызмат көрсөтүүлөрдү 50%га чейин арзандатуу боюнча да макулдашылган.




















