5-августта Саламаттык сактоо министри Осмонов Дамир Асылбекович Боом капчыгайында 3-августта кырсыкка кабылган адамдын өмүрүн сактап калган И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Кабенова Адинай Шаршенбековнаны кабыл алып, ага ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу журналист Гүлмира Үмөталиева биздин редакцияга билдирди.
Мурда маалымдалгандай, Боом капчыгайында жол тыгында кырсыкка кабылган адамга тез жардам 40 минутта келгенге чейин, кансыраган адамга аталган медициналык окуу жайдын студенти А. Кабенова жардам берип, алгачкы медициналык жардамды ийгиликтүү көрсөткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр студентке ийгилик каалап, келечектеги кесиптешине адам өмүрүн сактоодо боорукерликти, жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү ар дайым жогору коюуга чакырды.
















