Жаз келип, көчөт тигүү өнөктүгү кызуу башталуу алдында турат. Азыр Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде мөмө жемиштердин көчөттөрү сатыкка чыкты. Аларда алмадан тартып, гилас, өрүк, жаңгак, жүзүм, бадам, алча, арча көчөттөрүнө чейин сатылууда. Алардын баалары 50-100 сомдон башталат.
Жаз алды менен Ош шаарында “Айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында” аталышында “Агро Экспо-2024” көргөзмө-жарманкеси өттү. Ага Түркия, Орусия, Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын дыйкан-фермерлер, айыл чарба ишканалары жана өндүрүшчүлөрү катышып, өз продукцияларын сунушташты.
Иш-чаранын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кайсы тармактарда айыл чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маалыматтык сессиялар жана презентациялар өткөрүлүүдө. Айрыкча басым, көчөткө бурулду. Адистер аларды тандоонун ыкмалары, мол түшүм алуу үчүн кайсы көчөттү кандай ыкма менен эгүү керектиги тууралуу маалыматтары менен бөлүштү.
Көргөзмө-жарманке Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен TES-центр коомдук фонду тарабынан айыл чарбасындагы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, технологияларды жана кызматтарды берүүчүлөрдү дыйкандар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.



















