Жабылган “Клооп” сайты кайрадан чагымчыл маанайда макала жазып, кримтөбөлдүн жок кылынышы мамлекеттик түзүлүшкө таасир этчүдөй баяндаптыр.
Эч кимге жашыруун эмес, 2020-жылдан тарта президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиев качан мурдагылардай мамилеге түшөт деп саргара күткөндөр бар.
Ар жолу алардын тилегин таш каап, мамлекет бекемделүү жолунда.
Эч ким батынып чече албачудай көрүнгөн Кумтөр кени элге кайтты. Кыргыз-өзбек чек арасына чекит коюлду. Алдыда татаал делген кыргыз-тажик чек арасын тактоо аягына чыгып келе жатат.
Мамлекеттүүлүктүн эң негизги өзөгү – салык системасы жолго коюлууда.
Мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтире баштаган, трансулуттук, синдикатка айланган кылмыштуу топтун Кыргызстандагы тамыры кыркылды.
Бирок, чындыкка караганда жомокко көбүрөөк ишенген коомдо конспирологдор боло берери турган иш. Алар азыркы саясий бийлик мурдагылардан бөлөк экенин аңдабай жатышат.
Бүгүнкү күнү президент Садыр Жапаров Кыргызстан акыркы тарыхында болбогон күчтүү команда менен иштеп жатат. Бул президент өзүнө ишеними бекем экенинен, кимдир бирөөнүн көлөкөсүндө калам деп коркпогонунан кабар берет.
Күчтүү адамдардан команда топтоп, улуу идея үчүн иштетүү бардык эле эл башчыларынын колунан келе бербейт. Аны улуу миссиясы бар адамдар гана кылат.
Чыңгыз хан материктин жарымын өзү ат үстүндө жүрүп багынткан эмес. Позицияларга күчтүү-күчтүү адамдарды кое билген.
Чыңгыз хандын башкы военный стратеги, полководеци, соратниги Субедей болсо, президент Садыр Жапаровдуку – генерал Ташиев.
Субедей жыйырмадан ашуун аскер жортуулун жетектеп, жетимиш жолу генералдык таймашта жеңишке жеткен. Ал адам тарыхындагы башка бир да полководец басып алалбаган аймакты ээлеп, тарыхтагы эң улуу аскер башчысы жана стратегдердин бири катары белгилүү.
Чыңгыз хандын администрация башчысы, башкы кеңешчиси Элюй Чуцай болсо, президент Садыр Жапаровдуку – премьер-министр Акылбек Жапаров.
Элюй Чуцай чыгыштан батышка жайылып жаткан империянын администрация системасын, салык системасын уюштуруп, ирээтке келтирген.
Алыс барбай эле 2010-жылдан бери алганда Атамбаевдин премьер-министри Жээнбеков, генералы Сегизбаев, Жээнбековдун премьер-министри Абылгазиев, генералы Опумбаев болгон.
Бүгүн президент Жапаров, премьер Жапаров, генералы Ташиев.
Андыктан тыштан буза албасына көзү жеткен күчтөр, ичтен бузгусу келип, каалоосун чындык катары айтып жаткан кези.
Марат Тагаев.
(макала автордун Фейсбуктагы барагынан алынды).




















