Eurasiatoday
Ишемби, 02-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Жалал-Абад шаары быйыл 2 млрд сомду өздөштүрүп бүтө алабы? Мэрдин жообу

  • Интервью
  • 26.04.2023 13:17

Loading

Быйыл, 2023-жыл үчүн Жалал-Абад шаарына Республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөнү маалым. Бул каражатка калаа бийлиги 13 ири долбоорлорду ишке ашырууга бел байлап турат.

Алар толугу менен ишке кирип калса, шаардын тротуарларынан тартып, ири инфротүзүмдөрүнө чейин бир катар багыттар боюнча өнүгүүсү алдыга жылат деп күтүлүүдө. Тактап айтканда, кинотеатр, курортко чейин тротуар, асфальт чыгаруучу, таштандыны кайра иштетүүчү заводдор, жаш балдар үчүн оюн-зоок аянтчасы салынаары пландалууда.

Тема боюнча:

Бишкектин мэри АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Бишкектин мэри АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

22.11.2023

Андан сырткары иш орундар да түзүлмөк. Бул каражатка аткарыла турган жумуштар тууралуу сурап, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковго микрофон сурдук.

– Эрнисбек мырза саламатсызбы? Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн 2 млрд сом бөлүнгөнү маалым. Ага сиздер 13 ири долбоор баштаганы жатыпсыздар. Жумуш качан башталат?

– КР мыйзам талаптарына ылайык, бул сумманын баарын тендерге беребиз. Ал жерде биздин берген параметрлерге туура келсе, утуп алган адамды аныктап туруп ошол боюнча иш алып барылат.

– Бул долбоордун алкагында Жалал-Абад шаарына техникалык суу чыгаруу пландалып атыптыр. Анын зарылчылыгын түшүндүрүп берсеңиз. Эмне шаарда техникалык суу жетишсиз беле?

– Буга чейин техникалык суу жетишсиз болчу. Ичүүчү суу менен камсыздап келгенбиз, жашылдандыруу чарбасы тарабынан көчөттөрдү, бак-дарактарды жашылдандырууда ичүүчү таза суу менен сугарып келгенбиз. Бүгүнкү күндө беш долбоор пландалган. Тактап айтканда, скважиналар казылып, техникалык сууларды шаар ичинде чыгарабыз деп турабыз. Быйылкы жылдагы долбоордо жалпысынан сегиз скважина болот. Былтыр үчөө курулган, быйыл бешөө курулат буйруса. Ушулар менен шаарды техникалык суу менен камсыз кылабыз.

– Андан сырткары, долбоордо аткарылат деген тротуарлар менен веложолдорду салуу тууралуу да кенен айтып берсеңиз.

– Тратуарлар, жолдор боюнча айтсак, Жалал-Абад шаарынын ичиндеги эң негизгиси жолдорду оңдоп түзөөгө ошол чоң көчөлөрдү киргизгенбиз. Бул жерде тротуар, лоток, жарыктандыруу жана автоунаа жүрүүчү жолдордун долбоорлорун даярдап, киргизгенбиз. Ушул менен биргеликте Жалал-Абад санаториясына чыгуучу жол бар. Бирок тротуар жок болгонуна байланыштуу бул жерге вело жана тротуар жолдорду киргизип атабыз. Ал жерге жарыктандыруу болот, таштанды таштоочу урналарды орнотобуз, чарчаганда эс ала турган отургучтарды курабыз деген пландар бар. Анан шаардагы негизги алты көчөнүн боюнда тротуар, лотоктор каралып атат.

– 2 млрд сомду өз мөөнөтүндө толук өздөштүрүп бүтө аласыздарбы? Анткени былтыр шаардагы айрым курулуштар мөөнөтүндө бүткөрүлбөй калгандыгы сиздин жумушка көлөкөсүн түшүрүптүр.

– Былтыр жыл башында берилген иш-пландагы курулуш иштери толук бүттү. Элүү долбоор бар эле. Анын баарын ийгиликтүү акырына чыгардык. Айрым жолдордун сапаты начар болуп калып атпайбы, бирок анын үч жылдык кепилдиги бар. Жаз алды менен асфальт чыкса, ал жерлерди оңдоп-түзөө, жаңылоо жагы подрядчыларга биз тараптан милдеттендирилген. 2 млрд сомду толук өздөштүрүп бүтүүгө биз толук кандуу иш алып барабыз. Буйруса, жыл ичине чейин 100 пайыз ишке ашырууга аракет кылабыз.

– Рахмат маегиңизге. Ишиңизге ийгилик.

Маектешкен Асанбек Пазыл

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: бюджетЖалал-Абадири долбоормэрЭрнисбек Ормоков
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

29.11.2023
Бишкектин мэри АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Бишкектин мэри АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

22.11.2023
Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылыкка чыгуу фактысы аныкталды

Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылыкка чыгуу фактысы аныкталды

21.11.2023
Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Эмилбек Абдыкадыров Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

11.11.2023
Өлкө бюджетине жалпы суммасы 87 169 537 сом болгон зыяндын орду толтурулду

Өлкө бюджетине жалпы суммасы 87 169 537 сом болгон зыяндын орду толтурулду

11.11.2023
Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына жаңы автобустарды тапшырды

Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына жаңы автобустарды тапшырды

26.10.2023
С. Жапаров менен К. Ташиев Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүн көрүп чыгышты

С. Жапаров менен К. Ташиев Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүн көрүп чыгышты

26.10.2023
Жалал-Абадда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жалал-Абадда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

23.10.2023
Эл өкүлдөрү  2024-жылдын бюджетин талкуулашты

Эл өкүлдөрү  2024-жылдын бюджетин талкуулашты

23.10.2023

Башкы жаңылыктар

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

02.12.2023
Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30.11.2023
ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023
Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

27.11.2023
Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

27.11.2023
Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

27.11.2023

Валюталар курсу

27
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

30.11.2023
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

29.11.2023
Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

29.11.2023
Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

27.11.2023
Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

27.11.2023
Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

27.11.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.