Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын 2023-2024-окуу жылындагы каникулдарынын графигин жарыялады.
16-августта Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “КР жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 Буйрукка кол койду.
Ага ылайык, бардык жалпы билим берүү уюмдарында кезектеги окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.
Ага ылайык, мектеп каникулдарынын графиги да бекитилди.
График:
- Күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрда башталат;
- Кышкы каникулдар – 14 календардык күн: 1-январдан 14-январга чейин созулуп, сабактар 15-январда башталат;
- Жазгы каникулдар – 11 календардык күн: 21-марттан 31-мартка чейин созулуп, сабактар 1-апрелден башталат.
Биринчи класстардын окуучулары III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.