Өзгөн шаарында канализация жана шаарды айланып өтчү айланма жол салынат. Бул маселе жакынкы убакта чечилгени турат. Тактап айтканда, канализация менен саркынды сууларын чогултуучу жайдын жана таза суу берүүчү жабдуулар орнотул баштады.
Бул тууралуу Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров билдирди.
Анын айтымында, долбоор ушул жылдын жаз айларында башталган, жакынкы аралыкта ишке киргизүү алдында турат.

“Бул долбоордун жалпы суммасы 11 млн сом болчу. Азыр 60 пайызга чейин аткарылды. Азыр 3 компоненти боюнча жумуштар бүттү, эми төртүнчү компоненти боюнча иштеп атабыз. Ал эми саркынды суулардын түтүктөрүн 60 пайыздай жумушун бүтүп калдык. Ал эми саркынду сууну чыпкалоочу курулманын долбоорлук иш кагаздары мамлекеттик экспертизадан өтүү үстүндө турат”,-дейт Моңолдоров.
Буга чейин Өзгөн шаарында дагы бир көйгөйлөрдүн бири – автоунаа тыгынын жараткан тар жолу болчу. Азыр бул маселени чечилүү алдында турат. Тактап айтканда, жакынкы аралыкта шаарды айланып өтчү айланма жол курула турган болууда. Эгер бул ишке ашса, айдоочулар шаарга кирбей эле жаңы салынган кыска жол менен каттай башташарын президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев билдирди.

“Бул жол – 2-категориядагы жол болот. Анан төрт тилкелүү болгону атат. Анын узундугу 13 чакырымдан ашып, 3 көпүрө салынат. Буйруса Кыргызстандагы эң узун көпүрөлөрдүн бири болот. Башкача айтканда, Жазы дарыясына 207 метрге созулган көпүрө салынат. Негизи бул иштер эки жылда бүтүш керек болчу, бирок мамлекет башчысынын тапшырмасы менен темпти тездетип, бир жылда бүтүрөбүз деген ойдо турабыз”,-деди Джантаев.

31-октябрь – Өзгөн шаарынын күнү катары жыл сайын белгиленет. Бул жолу тарыхый, байыркы калаа болгон Өзгөн шаарынын күнү белгилөөгө Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош облусунун башчысы, жергиликтүү мекеме башчылары менен шаары тургундары катышты. Майрамдын жүрүшүндө Өзгөндүн тарыхы, учурдагы экономикалык абалы айтылып, концерттик программа тартууланды.
Учурда Өзгөн шаарында 65 миңге жакын калк жашайт.



















