Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип, Стамбулда күтөөрүн айтты.
Зеленский бул маалыматты өзүнүн Telegram каналына жазды.
“Эртеңден баштап биз ок атышууну токтотууну күтөбүз – толук жана узак мөөнөттүү, дипломатия үчүн зарыл негиздерди камсыз кылуу”, – деп жазган украин лидери.
Зеленский Киев 12-майдан тарта ок атышууну толук токтотууну күтүп жатканын, бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыюунун кажети жоктугун баса белгилеген.
Ал акыркы билдирүүсүндө Киев мурда талап кылгандай, Москва кеминде 30 күнгө ок атышпоо келишимин жарыялашы керекпи же жокпу тактаган эмес.
Ал эми Владимир Путиндин Батыштын 30 күндүк ок атышпоо боюнча талаптарын четке кагып, келерки аптада Стамбулда түз орус-украин сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылган.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинаны Орусия президентинин 15-майда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушуна макул болууга чакырган.
“Президент Путин бейшемби күнү Түркияда кан төгүүнү токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштоодо. Украина буга дароо макул болушу керек”, – деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макронго телефон чалып, Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр экенин ырастады.
Буга чейин Киев менен Германия жана Франция сүйлөшүүлөрдүн милдеттүү шарты катары 30 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун айтышкан.


















