Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи тынчтык саммитин Индияда өткөрүүгө макул болду. Бул тууралуу өлкө башчысы индиялык журналисттерге берген маегинде билдирди.
Ошол эле учурда Зеленский бул иш-чара тынчтык саммитинин коммюникесине кол койбогон өлкөдө болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.
«Мен ачык айткым келет. Бул Индияга гана эмес, саммитти өткөрүүгө позитивдүү мамиле кыла турган ар бир мамлекетке тиешелүү — биз саммиттин коммюникесине кошула элек өлкөдө Тынчтык саммитин өткөрө албайбыз. Эч ким эч кимге кысым көрсөтпөй жатат, бирок бул логикалуу», – деди Зеленский.
Украин лидери ошондой эле экинчи дүйнөлүк саммит “өлкөлөрдүн биринде, эң жакшысы Глобалдык түштүктө болушу керек”,- деп белгиледи.
“Биз экинчи саммитти өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Сауд Арабия, Катар, Түркия сыяктуу өлкөлөр бар”, – деп жооп берди өлкө башчысы.
Индия тынчтык саммитинин жыйынтыктоочу коммюникесине кол койбогон өлкөлөрдүн бири. Тизмеге ошондой эле Сауд Аравиясы, Таиланд, Индия, Мексика, Түштүк Африка, Армения жана башкалар кирет.
Буга чейин Украина Орусиянын катышуусу менен экинчи тынчтык саммитин өткөрүүнү каалап жатканы айтылган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия мындай иш-чараларга катышууга ниети жок экенин билдирди.
Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин: «Биз мындай ультиматумдарды кабыл албайбыз жана мындай «саммиттерге» катышпайбыз», – деди.



















