Өзбекстанда 4-7-апрелге чейин жаан жаап, анын кесепетинен республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жана суу ташкындары жүрүшү мүмкүн.
Бул маалыматты Узгидромет билдирди.
Катуу жааган жаандан улам өлкөнүн Кашкадарыя, Сурхандарыя, Самарканд, Навои жана Жиззак облустарында сел жүрүшү күтүлүүдө.
Мындан тышкары Ташкент, Наманган, Фергана, ошондой эле Андижан облустарынын айрым райондору менен шаарларында да суу ташкындары болуу ыктылдыгы жогору.
Узгидромет тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жашаган жарандарды, эс алуучуларды, ошондой эле бул аймактар аркылуу каттаган айдоочуларды сак болууга чакырды.
Эскерте кетсек, 2024-жылы апрель айындагы селдин кесепетинен Казакстандын Туркестан, Ак-Төбө, Костанай, Түндүк Казакстан, Акмоло, Атырау, Абай, Улуу Тоо облустарында суу ташкыны болуп,
100 миңден ашык киши эвакуацияланып, коопсуз жайга көчүрүлгөн.


















