Ош шаардык ИИБ Өзбекстан президентине кайрылган жаранды тапты.
Учурда кайрылуу жасаган жаран тергөө бөлүмүнө жеткирилип, сурак берип жатат. Жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
P.S. Бүгүн «Тик-Ток» социалдык түйүнүндө Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын 60 жаштагы тургуну тарабынан коӊшу Өзбекстан Республикасынын өлкө жетекчисине кайрылуусу жарыяланган.
Кайрылуу жарык көргөндөн соӊ ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, кайрылуу жасоосунун себептери суралган.
Анын кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо учүн Ош шаарынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш чаралар аткарыла баштады.
Андан сырткары кайрылуу жолдогон жарандын кайрылуусу, сөздөрү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча бир топ иштер аткарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилет.