Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 11-13-мартта Францияга мамлекеттик сапар менен бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өзбек лидеринин Парижге жасаган иш сапардын программасы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жана иш-чараларды, ошондой эле Франциянын расмий жана ишкер чөйрөлөрү менен бир катар жолугушууларды камтыйт.
Алдыдагы байланыштардын күн тартибинде өзбек-француз көп кырдуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери бар.
Соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, Франциянын алдыңкы компаниялары жана ишканалары менен кызматташуу долбоорлорун илгерилетүүгө артыкчылыктуу көңүл бурулат.
Саммиттин жыйынтыгында өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулардын пакетин кабыл алуу пландалууда.
Кошумчалай кетсек, мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле менен жолугуп, ушул жылдын күзүндө Самаркандда Уюмдун Башкы конференциясынын 43-сессиясына даярдык көрүү жана аны өткөрүүнүн практикалык аспектилерин талкуулайт.
Алдыдагы иш сапарды утурлай 1-мартта Грец-Арменвил шаарында Ураноскоп обсерваториясынын аймагында улуу окумуштуу Абу Райхон Берунинин бюсту ачылды. Бул күндөрү Парижде саламаттыкты сактоо, илим жана билим берүү, маданият, туризм жана бизнес тармактарында форумдар жана конференциялар өтүүдө. Биргелешкен бизнес иш-чаралар Тулуза, Лион жана Ниццада өтөт.



















