Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Египет, Италия, Кыргызстан, Беларусь, Грузия жана Түркиянын жаңы элчилерин кабыл алды.
Мирзиёев аларды «Жаңы Өзбекстандагы ардактуу миссиясынын башталышы менен» куттуктады», – деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Алар Египеттин элчиси Тамер Фатхи, Италиянын Пьергабриэле Пападия де Боттини, Кыргызстандын Дүйшөнкул Чотонов, Белоруссиянын Александр Огородников, Грузиянын Давид Котария жана Түркиянын элчиси Уфук Улуташ.
Алты жаңы элчилер Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ишеним грамоталарын тапшырды.
Маалыматта белгиленгендей, Шавкат Мирзиёев дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын Жаңы Өзбекстандагы ардактуу миссиясынын башталышы менен куттуктады.
«Дүйнөдө чыр-чатактар курчуп, геосаясий атаандаштык күчөп турган азыркы мезгилде дос мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөтүүсү болуп көрбөгөндөй маанилүү», –деди президент.
Мындай шарттарда Өзбекстан өзүнүн ачык жана прагматикалык тышкы саясаты менен өз ара урматтоону жана достукту бекемдеп, дүйнөнүн бардык региондорунун мамлекеттери, эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк каржы институттары менен практикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө.


















