Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Мыйзамга ылайык, Көз карандысыздык күнүнүн алдында абактагы 523 адамды кечирди. Бул тууралуу жергиликтүү O телеканалы билдирди.
Документке ылайык, кечирилгендердин арасында сегиз чет өлкөлүк жаран, 45 аял жана 60 жаштан ашкан 31 адам бар. Мындан тышкары, президент 30 жашка чейинки 220 адамды, анын ичинде бир өспүрүмдү жана тыюу салынган уюмдарга катышкан 15 адамды да кечирди.
Указды аткаруу алкагында прокуратура органдары жана тиешелүү ведомстволор бошотулган адамдарды үйлөрүнө жеткирүүнү уюштурушту. Ошону менен катар чет элдик жарандар өз мекенине депортацияланды.
Июнь айында БАЭ президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайян Курман айт майрамына карата 963 туткунду түрмөлөрдөн чыгарууну буйрук кылган. Ал ошондой эле ар кандай мыйзам бузуулар үчүн айыпталган туткундардын бардык айып пулдарын төлөп берүүнү убада кылган.
Буга чейин Лукашенко оппозициялык «бандиттерди» кечирүүдөн баш тарткан.



















