Президентке караштуу статистика боюнча агенттик Өзбекстандын калкынын 2024-жылдын 1-январына карата туруктуу жашаган жарандарынын санын жарыялады.
Агенттиктин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-январына карата республиканын туруктуу жашаган калкынын саны 36 799 756 адамды түзгөн. Өлкөдө туруктуу жашаган калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2%га көбөйгөн.
Белгиленгендей, Өзбекстандын туруктуу жашаган калкынын саны күн сайын орточо 2,1 миңге жогорулап турат.
2023-жылдын башынан бери республиканын калкы 774,8 миңге көбөйүп, орточо эсеп менен ар бир айга – 64,6 миң адамга туура келет.
Өткөн жылы ар бир күнгө туруктуу жашагандардын саны 2,1 миң адамга көбөйүп турган.



















