Фариддин Насриев Өзбекстандын Ирандагы Башкы консулдугунун башчысы милдетин аткарууга киришти.
Өзбекстандын Ирандагы жаңы элчиси Фариддин Насриев өзүнүн ишеним грамотасын Ирандын президенти Ибрагим Раисиге тапшыргандыгын «Дунё» МА билдирди.
Ирандын президенти дипломатты анын ишинин расмий башталышы менен куттуктады жана акыркы эки жылда иран-өзбек мамилелери баардык багыттар боюнча өнүгүү жолунда болуп, жаңы деңгээлге чыккандыгын канаатануу менен белгиледи.
«Бизде соода мамилелерди кеңейтүүгө, экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоого жана жүк ташуу менен транзиттин көлөмүн көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Жакынкы мезгилде биз өз ара сооданы жогорулатып, анын көлөмүн $1 млрд.га чейин жеткирүүгө баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек», – деп белгиледи Ирандын президенти.
Ибрагим Раиси элчиге анын ишинде чоң ийгиликтерди каалады жана келечекте эки мамлекеттин жана элдин мамилери жакшырышына ишенимин билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, Фариддин Насриев Иранга элчи болуп дайындалганга чейин Өзбекстандын Казандагы (РФ) Башкы консулдугун жетектеген.














