Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум аяктады.
БШКнын төрагасынын орун басары Бахром Кучкаров референдумга добуш берүүчүлөрдүн 73,17% келгенин билдирди. Анын айтымында ага 14 206 021 адам катышты.
Жалпы катталган 20 миллион адамдын 50 пайызы добуш берүүгө катышкан учурда референдум өттү деп эсептелинет.
Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылат. Натыйжада азыркы президент Шавкат Мирзиёев бийликте 2040-жылга чейин калышы мүмкүн.
65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, дагы эки жолу шайлана алат жана ыйгарым укуктары кеңейет.
Документтин жаңы редакциясында мамлекет жарандарды минималдуу эмгек акы, турак жай жана медициналык тейлөө, ошондой эле интернет менен камсыз кылууга милдеттендирилет. Өлүм жазасына тыюу салынат.
2016-жылы такка отурган Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.