Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 27-октябрда өткөн Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, республика боюнча добуш берүүгө 15 027 529 шайлоочу катышты. Чет өлкөдө 140 388 адам добуш берген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы 34,75% добушка ээ болду.
“Миллий тикланиш” демократиялык партиясы – 18,82%, Өзбекстандын Экологиялык партиясы – 13,12%, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы – 17,11%, “Адолат” социал-демократиялык партиясы – 16,2% алды.

УзЛиДеПдан 64 депутат, «Миллий тикланыштан» 29, КСДПдан 20, «Адолаттан» 21 жана Экопартиядан 16 депутат шайланды.


















