Президент Шавкат Мирзиёевдин сунушу менен Парламенттер аралык биримдиктин 150 жылдык мааракелик ассамблеясы 2025-жылдын 5-9-апрелинде Өзбекстанда өтөт.
Бул Олий Мажлистин Сенатында Парламенттер аралык биримдиктин 150 жылдык юбилейлик ассамблеясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда белгилүү болгонун «Дунё» маалымат агенттиги жазды.
Белгилүү болгондой, дээрлик 190 өлкөнүн парламенттерин бириктирген Парламенттер аралык биримдиктин ассамблеясы жылына эки жолу өтөт.
Иш-чара парламенттин өнүгүүсү жогорку деңгээлде жана туруктуу өнүгүүнүн оң тажрыйбасы бар өлкөлөрдө гана өткөрүлөт.
Парламенттер аралык биримдиктин 150-Ассамблеясынын Өзбекстанда өтүшү тарыхый окуя деп бааланууда. Анткени мындай иш-чара Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат.
Өзбекстанда боло турган ассамблеянын негизги темасы – “Социалдык өнүгүү жана адилеттүүлүк үчүн парламенттик кыймыл” болору белгиленген.
Анын алкагында дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн парламенттери калкты социалдык жактан коргоо, жакырчылыкты кыскартуу, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо жаатындагы өз тажрыйбасы жана жүргүзүлүп жаткан реформалары менен бөлүшөт.
Мындан тышкары, жума ичинде Парламенттер аралык биримдиктин комитеттери адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, илим жана техника, жаштар маселелерине арналган ар кандай иш-чараларды уюштурууну пландаштырууда.


















