Өзбекстандын Наманган облусунда улуу ойчул жана окумуштуу Абу Наср аль-Фарабинин китеби табылганын «Казинформ» агенттигинин кабарчысы билдирди.
Жергиликтүү аткаруу органынан билдиришкендей, китептерден тышкары 11-14-кылымдарга мүнөздүү байыркы кылычтар да табылган.
«Үч сейрек кездешүүчү китепте илим, философия жана тарыхка тиешелүү уникалдуу билимдер камтылган», — деп айтылат билдирүүдө.
Аксикент “Янги Ахси” археологиялык паркы дагы 10 баа жеткис экспонаттар менен толукталды, анын ичинде 475-600-жылкы Бактрия монетасы жана 19-кылымга таандык кытай тыйыны бар.
– Намангандан табылган кылыч адистердин айтымында, 11-кылымга таандык. Ал согуштан кийин калган абалда сакталып калган. Кылычты Аксикенттин темир усталары катуу болоттон жасашкан. Анын жаралышы дагы эле табышмак бойдон калууда. Экинчи курал 14-кылымга таандык, ал Амир Тимурдун атайын жоокерлери тарабынан колдонулган. Кошумчалай кетсек, Аксикент темир борбору өзү бүткүл дүйнөгө таанылган, жумшак жана катуу болотту өндүрүү менен белгилүү, – деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.



















