Жарандык авиация тармагында кызмат көрсөтүүгө адистешкен БАЭ компаниясы Өзбекстанда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жана жалгыз FBO кызматын түзөт.
FBO (Fixed Base Operator) — аэропорттордо учактарга жана жүргүнчүлөргө комплекстүү кызматтарды, атап айтканда, май куюу, токтотуу, ангарларда сактоо, учактарды техникалык тейлөө жана оңдоо кызматтарын көрсөтөт.
Өзбекстандын президентинин Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги менен БАЭнин JETEX компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлганын Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, транспорт министри Илхом Махкамов менен JETEX компаниясынын негиздөөчүсү Адель Мардининин жолугушуусунда кол коюлган бул документ Өзбекстанда жарандык авиация тармагында жаңы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.
Тактап айтканда, JETEX компаниясы Ташкент-Восточный аэропортунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде FBO формасында VIP жана CIP кардарлары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырат.
“Долбоордун алкагында бизнес-авиация тармагында оңдоо, сатуу жана сактоо кызматтары түзүлөт. Аэротакси жана VIP такси кызматтары ишке киргизилет. Бул өз кезегинде туристтик тармакты өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизип, VIP кардарлар үчүн ыңгайлуулуктарды түзөт”, – деп белгилешти департаментте.
Мындан тышкары, республикада бизнес-авиация тармагында 200дөн ашык жогорку квалификациялуу жумуш орундары түзүлөт.
“JETEX компаниясынын алдыңкы тажрыйбасына таянуу менен биздин өлкөдө бизнес-авиациянын ишенимдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүн болот”, – деп кошумчалады Транспорт министрлиги.
JETEX компаниясы 2005-жылы негизделген. Ал бүгүнкү күндө 5 континентте 30 бизнес-ассоциацияларды камтыган глобалдык тармак түздү. Жакынкы Чыгыш, Европа, Азия Тынч океан, Африка жана Америка сыяктуу дүйнө жүзү боюнча 50дөн ашык жерде кардарларды тейлейт.



















