Тиешелүү келишимге кол коюуну профилдик ведомстволордун өкүлдөрү видеоконференция аркылуу жолугушууда талкуулашты.
Өзбекстан Иран жана Түркмөнстан менен эл аралык транспорттук жана транзиттик коридорду ишке киргизиши мүмкүн.
Бул тууралуу республиканын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен Ирандын Жол жана шаар курулуш министрлигинин өкүлдөрү видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.
Мындан тышкары, профилдик ведомстволордун өкүлдөрү Иран аркылуу эл аралык автотранспорттук жүк ташуу үчүн төлөмдөрдү азайтуу, экспорттук жана импорттук жүктөр үчүн “Бандар-Аббас” жана “Чабахор” портторун пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, Өзбекстан-Ооганстан-Иран транспорт коридорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.