Россия менен Өзбекстан коңшу өлкөнүн Термез шаарындагы полигонунда “Өз ара аракеттенүү-2025” биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатат.
Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, машыгуунун негизги максаты — мамлекеттер аралык аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жана аскердик боордоштукту чыңдоо, атайын операцияларды даярдоо жана өткөрүү боюнча башкаруу органдарынын көндүмдөрүн өркүндөтүү, биргелешкен аскердик аракеттерди даярдоо жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле заманбап согуштарда колдонулган тактикалык ыкмаларды колдонууну координациялоо болуп саналат.
Машыгууларга атайын бөлүктөрдүн 400гө жакын аскер кызматчылары катышууда. Россия тарап өзүнүн аскердик техникасы менен катышууда.
Машыгуунун планына ылайык, эки өлкөнүн аскер кызматкерлери ар кандай атайын тапшырмаларды аткарышат, атап айтканда, согуштук кырдаалда биргелешип бөлүктөрдү башкаруу, мамлекеттик чек аранын кол тийгисин камсыздоо жана шарттуу душманды жок кылуу сыяктуу милдеттер коюлган.
“Машыгуунун алкагында аскердик даярдык боюнча ар кандай иш-чаралар, маданий-массалык жана спорттук мелдештер өткөрүлөт. Он күндүк машыгуулар эки өлкө ортосунда түзүлгөн аскердик кызматташтык планына ылайык өткөрүлүүдө,” — деп кошумчалашты Коргоо министрлигинен.



















