Өзбекстан менен Ооганстан соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштырууда, деп билдирди Өзбекстан Республикасынын Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы.
Өзбек-ооган соода-экономикалык алакаларынын учурдагы абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин ведомствонун башчысы Лазиз Кудратов жана Ооганстандын соода министри Нуруддин Азизи талкуулашты.
Жолугушуу Сурхандарья облусундагы Термез эл аралык соода борборунда өттү.

“Конструктивдүү пикир алмашуунун жүрүшүндө эки тараптуу өзбек-афган соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү боюнча конкреттүү чаралар белгиленди”, — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү 1,1 миллиард долларга жеткенин эске алсак, коңшу өлкөлөр бул көрсөткүчтү дээрлик үч эсеге көбөйтүүнү пландап жатышат.
Талкууда соода менен катар айыл чарба, текстиль, фармацевтика, тамак-аш жана тоо-кен өнөр жайы тармактарында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана өнөр жайлык кызматташууну кеңейтүү маселелери да талкууланды.
Ошондой эле эки тараптан 60ка жакын ишкерлердин катышуусунда B2B сүйлөшүүлөрү өттү.
Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жаңы байланыштарды түзүп, жаңы биргелешкен долбоорлорду жана соода келишимдерин ишке ашыруунун практикалык аспектилерин талкуулашты.
Эске салсак, Өзбекстандын Ооганстан менен чек арасына жакын жайгашкан Термез шаарындагы Эл аралык соода борбору 2024-жылдын 29-августунда расмий ачылган. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен ага “эркин экономикалык аймак” деген макам берилген.
Эки тараптын макулдашуусунда Ооганстандын жарандары борбордо визасыз 15 күн кала алат, соода кылып, мекенине кайтат деп каралган.


















