Өзбекстан менен Азербайжан автомобиль жана авиациялык күйүүчү майды кошкондо, мунай заттарын биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.
Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министри Шерзод Ходжаев «Өзбекстан 24» телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстанга Азербайжанда курулуп жаткан жаңы мунай иштетүүчү заводго өнөктөш катары кошулуу, андан кийин өндүрүлгөн продукциянын бир бөлүгүн импорттоо сунушталган.
Мындан тышкары, эки өлкө Үстүрт платосунда көмүрсуутектерди казып алуу жана Өзбекстандан «жашыл» энергияны Казакстан жана Азербайжан аркылуу Европага экспорттоо долбоору боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө.
Ходжаев белгилегендей, биргелешкен долбоорлор Өзбекстандын ички рыногун мунай заттары менен туруктуу камсыз кылууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.


















