Өзбекстанда кытайлык Leapmotor компаниясынын жеңил унааларын сертификациялоого арыздарды кабыл алуу токтотулду.
Бул тууралуу Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү көзөмөл инспекциясынын билдирүүсүнө таянып Gazeta.uz агенттиги жарыялады.
Маалыматка караганда, 10-мартта Өзбекстандын Сапатты көзөмөлдөө илимий-сыноо борбору (УзТест) мамлекеттик мекемесинин лабораториясында бул унаанын үлгүсүнүн сыноосу жүргүзүлгөн. Анда унаа БУУ белгилеген эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп бербегени көрсөтүлгөн.
Тактап айтканда, бул унаадан пайда болгон электромагниттик тоскоолдуктун деңгээли жол берилген чектен 16 эсеге ашып, коопсуздук талаптарын бузуу болуп саналат.
“Бул дал келбестик унаадагы электроника жана башка түзүлүштөрдүн иштешине таасирин тийгизип, кээ бир учурларда системанын бузулушуна алып келиши мүмкүн”, -деп айтылат документте.
Инспекция сертификациялоочу органдан бардык Leapmotor жеңил унааларын сертификациялоого арыздарды кабыл алууну аныкталган кемчиликтер жоюлганга чейин токтотууну суранды.
Орган ошондой эле керектөөчүлөргө унаа тандоодо эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берген продукцияга артыкчылык берүүнү, коопсуздук талаптарын сактоо менен расмий кайрылууну сунуштады.
Өзбекстанда транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо жүгүртүүгө чыгарылган дөңгөлөктүү автотранспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө 2017-жылдын 25-апрелиндеги Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген жалпы техникалык регламенттерге ылайык жүргүзүлөт.
Ал эми Leapmotor компаниясынын Өзбекстандагы өкүлдөрү Gazeta.uz сайтынын суроосуна жооп берип жатып, жагдайларды карап жаткандыктарын, ошондой эле кырдаал боюнча комментарий бере албастыгын билдиришкен.
Ал эми Бажы комитети айрым маркадагы унааларды алып кирүүгө чектөө киргизбегенин билдирди.
Leapmotor C16 – 2024-жылдын апрель айында Пекин эл аралык автосалонунда көрсөтүлгөн. Унаа 5-7 орундуу толук өлчөмдөгү жол тандабас. Өзбекстанда 459,8 миллион сумга сатылган.



















