Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын энергетика министрлери Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Чаткал дарыясында ГЭС куруу боюнча алдын ала изилдөөлөрдү жана пландарды талкуулашты, деп билдирет Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлиги.
Жолугушууга Кытайдын CEEC курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана Азербайжандын энергетика министринин орун басары Камал Аббасов да катышты.
Мындан тышкары, министрлер Нарын дарыясына курула турган Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун учурдагы абалы менен таанышты. Тараптар ошондой эле суу-энергетикалык балансты координациялоо маселелерин талкуулашты.
Жыйындын соңунда өлкөлөрдүн жумушчу топторунун жолугушууларын үзгүлтүксүз уюштуруу, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу боюнча «жол картасына» кол коюу сунушталды.

2021-жылдын март айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча инвестициялык долбоорду даярдоо тууралуу келишимге кол коюлган.
2023-жылдын январында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетика ведомстволорунун жетекчилери Нарын дарыясына ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшкан.
Долбоордун баасы дээрлик 3 миллиард долларга бааланган. Өзбекстан менен Казакстан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясын Кыргызстандын керектөөсүнөн ашыкча сатып алууну пландаштырууда.




















