Өзбекстан 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын 1-апрелине чейин Казакстанга 12,6 миллиард кубометр суу жөнөттү, бул мурда пландаштырылган көлөмдөн 1,7 миллиард кубометрге көп. Мындай маалыматты Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов билдирди.
Министрдин айтымында, бул суу түштүк облустардагы дыйкандарды сугат мезгилинде суу менен камсыз кылууга колдонулат. Ал суу дипломатиясы жана эл аралык кызматташтык министрликтин негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, трансчегаралык сууларды бөлүштүрүү жана башкаруу, тажрыйба алмашуу жана алдыңкы технологияларды биргелешип ишке киргизүү Борбор Азиянын суу коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын айтты.
Буга чейин, 2024-жылдын февраль айында, Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы суу ресурстары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун XII жыйынында, Өзбекстан 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын октябрына чейин Казакстанга 16 миллиард кубометрден ашуун суу жөнөтүүнү макулдашкан.
Мындан тышкары, эки өлкө министрлери трансчегралык каналдарды биргелешип оңдоо боюнча макулдашышкан, бул Казакстандын Түркестан облусундагы жана Өзбекстандын Жиззах облусундагы дыйкандарды суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган. Ошондой эле, Сырдарыя дарыясында сууну эсепке алууну автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, эки өлкөдө бештен он пунктка чейин мониторинг системаларын орнотуу пландалууда.


















