Өзбекстан энергетика тармагындагы эмиссияларды азайтуу боюнча мамлекеттик саясатты колдоо программасынын алкагында Дүйнөлүк банктан өндүрүмдүүлүккө жараша төлөм алган дүйнөдө биринчи өлкө болду.
Бул Өзбекстандын энергетика секторун трансформациялоо үчүн инновациялык көмүртектик каржылоо (iCRAFT) долбоору аркылуу мүмкүн болду. Аталган жардам Дүйнөлүк банктын өлкөгө энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга, энергетикалык субсидияларды кыскартууга жана таза энергия булактарына өтүүгө жардам берген биринчи типтеги долбоору.
Дүйнөлүк Банктын Көмүртек Активдерин Трансформациялоо Фонду (TCAF) Өзбекстанга iCRAFT долбоору аркылуу 500 000 тонна көмүр кычкыл газынын эмиссиясын ийгиликтүү кыскарткандан кийин 7,5 миллион доллар грант бөлдү. Бул жыйынтыктарды үчүнчү тарап өз алдынча тастыктады, деп белгиледи ДБ басма сөз кызматы.
«Бул демилге энергетика тармагындагы мамлекеттик реформаларды колдоо үчүн климаттык каржылоону колдонгон дүйнөдө биринчи долбоор болуп саналат. iCRAFT долбоору эл аралык көмүртек рыногунда парник газдарынын эмиссиясын соодалоо боюнча жеке транзакциялардан бул чөйрөдө программалык (системалык) мамилеге өтүүдө Өзбекстанга көмөк көрсөтүүгө багытталган», — деди ДБнын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Марко Мантованелли.
Ал бул пилоттук долбоор улуттук экономиканын башка секторлорунда реформаларды жүргүзүү үчүн прецедент болуп, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ушундай тажрыйбаны киргизүү үчүн үлгү боло алат деп күтөт.
«iCRAFT инновациялык долбоорунун алкагында «көмүртек каржылоосун» (төмөндөгөн парник газдарынын эмиссиясы, тонналаган CO2 эквиваленти) алуу менен Өзбекстан таза энергияга өтүүнү тездетет. Долбоор ошондой эле эл аралык көмүртек рыногундагы транзакцияларга жигердүү катышкан регионалдык лидер катары өлкөнүн ролун бекемдөөгө жардам берет», – деди энергетика министри Журабек Мирзамахмудов.
Өзбекстандын өкмөтү iCRAFT долбоору аркылуу алынган каражаттардын бир бөлүгүн электр энергиясына жана газга болгон тарифтердин акыркы өзгөрүүлөрүнөн улам бакубаттуулугу жабыр тарткан үй чарбаларына каржылык жардам көрсөтүүгө жумшоого милдеттенди. Мындан тышкары, долбоордун каражаттары Өзбекстандын жашыл экономикага өтүүсү жана энергетика тармагын реформалоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга салым кошот.
Жогорудагы төлөм Өзбекстандын өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда iCRAFT долбоорунун алкагында түзүлгөн эмиссияларды кыскартуу боюнча төлөмдөр келишиминин алкагында күтүлүп жаткан бир нече транштардын биринчиси болуп саналат.
Келишимге ылайык, өлкө энергетика тармагын реформалоонун натыйжасында өз алдынча текшерилген зыяндуу газдарды азайтуу үчүн 20 миллион долларга чейин гранттык каражаттарды же “көмүртек каржылоосун” ала алат.
iCRAFT долбоорун ишке ашыруу учурунда Өзбекстан 60 миллион тонна көмүр кычкыл газынын көлөмүн азайтууну пландоодо. Анын ичинен 2,5 миллион тоннага жакын көмүр кычкыл газы долбоордун алкагында өлкөдөн сатылып алынат. Өзбекстан iCRAFT долбоорун ишке ашырууда түзүлгөн жана сыналган системаларды жана механизмдерди колдонуу менен калган көмүртек бирдиктерин эл аралык көмүртек базарларында сата алат.



















