Өзбекстандын Фергана облусунун Фергана районундагы Вуадил айылында чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты.
Чатак мушташка айланып кеткенде чек арачылар ок атууга аргасыз болуп, жыйынтыгында эки адам өлгөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.
Расмий маалыматка караганда, 16-октябрга караган түнү чек арачылар Бустон кичи районунда автоунааны токтотуп, Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө товар ташылып жатканын аныкташкан. Кармалгандарга кырдаалды тактоо үчүн Чек ара аскер бөлүгүнө баруу керектиги айтылган. Бирок кармалган эки жаран жана алардын онго жакын шериги мас абалында аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, чек арачыларга активдүү каршылык көрсөтүп, күч колдонушкан.
Чатактын кесепетинен аскер кызматкерлери жабыркаган. Чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарган, бирок уруш токтогон эмес.
“Эскертүүдөн туура жыйынтык чыгарбастан, аскер кызматкерлерине активдүү каршылык көрсөтүүнү уланткан эки жаран курал колдонуунун кесепетинен жеринде каза болду. Бул факты боюнча тиешелүү укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.


















