Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-январда Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине арналган жыйында аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу маселесин күн тартибине койду.
Жыйында армияны заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен камсыздоо, колдо болгон куралдарды жаңылоо, ошондой эле аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин социалдык жактан коргоо маселелери талкууланды.
Өзбек президенти аскердик чөйрөнү санариптештирүүнүн жана улуттук армияны заманбап курал-жарак менен камсыздоонун, ошондой эле коргонуу-өнөр жай комплексин өркүндөтүү боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.



















