Өзбекстан АКШ менен 22 даана Boeing 787 Dreamliner учагын сатып алуу боюнча келишим түздү.
АКШнын президенти Дональд Трамп кесиптеши Шавкат Мирзиёевди бул ири келишими менен куттуктап, аны “сөзүндө турган адам” деп атады. Келишим АКШда 35 миңден ашык жумуш орундарын түзөт.
Бул тууралуу Ак үйдүн лидери келишим боюнча өзүнүн социалдык тармактагы Truth Social баракчасына жазгандан кийин, анын постунун котормосун Өзбекстандын президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов жарыялады.
Трамп өзүнүн билдирүүсүндө, авиакомпания 8 миллиард доллардан ашык суммага 22 Boeing 787 Dreamliner учагын сатып алып жатканын жазган.
“Келишим АКШда 35 миңден ашуун жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Президент Мирзиёев өз сөзүндө турган адам, биз мындан ары дагы көптөгөн маселелер боюнча биргелешип иш алып барабыз”,-деген АКШнын лидери.
Келишимге БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан жыйынында кол коюлган.
Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев Boeing Global компаниясынын башкы директору Брендан Нельсон менен жолугушту.

Ошол эле учурда Өзбекстан аба жолдору менен Boeing авиакомпаниясынын ортосунда учактарды жеткирүү боюнча жаңы жана узак мөөнөттүү кызматташуу келишимине кол коюлган.
“Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниясы Dreamliner учагын 2016-жылдан бери иштетип келет. Boeing 787-8 учагы учурда Европага, Азияга жана АКШга, анын ичинде Нью-Йоркко түз каттамдарда колдонулат.
Өзбекстандын авиакомпания башкармалыгынын төрагасы Шухрат Худайкуловдун айтымында, жаңы келишим Ташкенттин Борбор Азиядагы алдыңкы транзиттик хаб катары позициясын бекемдейт жана эл аралык каттамдар тармагын кеңейтет. Мындан тышкары транзиттик жүктөрдү көбөйтүүнү караган узак мөөнөттүү “Өзбекстан 2030” программасына да туура келет.

















