Америкалык ишкер Илон Маск X компаниясы платформанын (мурдагы Twitter) колдонуучуларынан ай сайын акы алууну пландап жатканын айтты.
Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Биз X системасын колдонуу үчүн ай сайын чакан төлөм киргизүүгө өтүп жатабыз», – деген Маск Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүү учурунда.
Анын айтымында, акы алуу биринчи кезекте “боттордун армиясына” каршы күрөшүүгө багытталат. Ошол эле учурда, Маск бул “өтө эле аз сумма” болорун убада кылат.
Эске салсак, Tesla жана SpaceX сыяктуу компаниялардын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter’ди 2022-жылдын күзүндө 44 миллиард долларга сатып алган.
Ал үстүбүздөгү жылдын июль айында социалдык түйүндүн көгүш чымчык элесиндеги логотибин кара фондогу ак X белгисине өзгөрткөн.