Европа лидерлери өз жарандарынын кызыкчылыктарын эске албай, жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатышат, — деп билдирди Мамдуманын төрагасы.
Европа өлкөлөрү АКШдан газды Chanel атырларынын баасында сатып алып, өз экономикасына зыян келтирип жатат, — деди Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин.
Ал РФнын 2026-жылдагы жана 2027–2028-жылдарга пландаштырылган бюджети боюнча талкуу учурунда мындай деди:
«Американыкылар Европага жөнөткөн газ — бул Chanel эмес. Бирок анын “жытын” дал ошол француз атырындай баалашты. Алар сатып алып жатышат, өз экономикаларын кыйратып. Ал эми биздин газ түтүктөрүн жардырып, өздөрүнө эле зыян келтиришти».
Володин белгилегендей, европалык лидерлер өз жарандарына карата жоопкерчиликтүү мамиле көрсөтө албай жатышат.
«Келечекте алар эмне кылганын көрөбүз. Азыр алардын өз элине болгон жоопкерчилиги жок экенин айтып жатабыз. Өлкө жөнүндө ойлонуш керек, жарандарыбыз жөнүндө ойлонуш керек», — деди ал.
Ошондой эле эске салсак, 27-июлда Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен жана Дональд Трамп келишимге келген. Ага ылайык, 1-августтан тартып АКШ Европадан алып келинген товарлардын 75%ына 15% бажы төлөмүн киргизет (башында 30% болчу).
Мунун ордуна ЕК Евробиримдикке орус энергия ресурстарын импорттоого толук тыюу салууга, ошондой эле АКШдан мунай, газ, өзөктүк жабдуулар жана күйүүчү майды 750 миллиард долларга сатып алууга, андан тышкары АКШ экономикасына 600 миллиард доллар инвестиция салууга убада берген.















