Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди.
Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Россия президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Расмий сапарынын алкагында Россиянын лидери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.
Буга чейин Кыргызстанга Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров келген. Ал Бишкекте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

























