Венгрия Украинанын НАТОго кирүүсүн мүмкүн эмес деп эсептейт жана альянска мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин көпчүлүгү бул позицияны жабык эшик артында бөлүшүүдө, деп билдирди Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто.
Сиярто Украинанын НАТОго кириши үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
«Менин оюмча, акыл-эстүү адам мындай коркунучту жаратпайт. Ошондуктан, Венгриянын позициясы ачык: Украинанын НАТОго кабыл алынышы мүмкүн эмес», – деди Петер Сиярто венгер-серб биргелешкен экономикалык комитетинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.
Атап айтканда, АКШ менен Германия Украинанын согуш аяктаганга чейин НАТОго киришине каршы. Альянстык келишимге ылайык, анын мүчөлөрүнүн бирине кол салуу бардык катышуучуларга кол салуу катары каралат.


















